УКМК Көлбаевдин асыл тукум жылкылары аукциондо сатыларын билдирди

26-октябрда УКМК маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин «кылмыштуу кирешелерге сатып алган» 15 баш асыл тукум жылкылары аныкталганын билдирди. Атайын кызматтан алар аукциондо сатылып, каражат мамбюджетке которулат деп ишендиришти.

Маалыматка караганда,  ведомстволор аралык баалоо комиссиясынын корутундусу боюнча жылкылардын жалпы баасы 79 млн 790 миң сомду түздү.

Алар:

  1. «Беш кашка» таза кандуу англис айгыры — 44 млн сом; 
  2. «Командор» таза кандуу англис айгыры — 26 млн 400 миң сом;
  3. «Раушан» таза кандуу  англис айгыры — 2 млн 200 миң сом;
  4. «Дончак» донск-англис породасы — 300 миң сом;
  5. «Кундуз» англис бээси — 900 миң сом;
  6. «Хан сулуу» англис бээси — 900 миң сом;
  7. «Острый» аттуу чабылган аты — 140 миң сом;
  8. «Рошал» аттуу англис бээси — 150 миң сом; 
  9. «Ай-Чолпон» таза кандуу бээси — 440 миң сом;
  10. «Ак Бермет» аттуу таза кандуу бээси — 356 миң сом;
  11. «Көк-Серек» аттуу бээ — 100 миң сом;
  12. «Көк-Жал» жарым тукум айгыры — 60 миң сом;
  13. «Бактөр» породасындагы минген аргымагы — баасы 704 миң сом;
  14. «Бай Тору» аталышындагы бээ — 440 миң сом;
  15. «Эркиндик» англис  айгыры — 2 млн 700 миң сом.

17-октябрда УКМК кримтөбөл Камчы Көлбаевдин наркы 500 миң АКШ доллардан ашык асыл тукум жылкылары жана кошумча мүлкү камакка алынганын билдирген.

Мындан тышкары маркум кримтөбөл Рысбек Акматбаевдин жакындарынын сарайынан Көлбаев алган 5 миң долларлык асыл тукум бээ да камакка алынган.

Атайын кызматтан Көлбаевдин кылмыштуу жол менен алынган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүн аныктоо боюнча иштер уланып жатканын кошумчалашкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Сырдуу өлүм. Көлбаевдин өлтүрүлүшү Жапаров менен Ташиевдин чырын кантип ачыктады

Көлбаевдин баасы 500 миң доллар турган асыл тукум жылкылары мамлекетке өттү

«Мүлкү 1 млрд доллар». УКМК Көлбаевдин кылмыштуу тобунун кырктан ашык мүчөсү кармалганын кабарлады