Көлбаевдин баасы 500 миң доллар турган асыл тукум жылкылары мамлекетке өттү

УКМК маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин наркы 500 миң АКШ доллардан ашык асыл тукум жылкылары жана кошумча мүлкү камакка алынганын билдирди.

Камакка алынган тулпарлар:

  • «Беш кашка», таза кандуу англис аты — 150 миң доллар;
  • «Командор», таза кандуу англис аты  — 100 миң доллар; 
  • «Раушан», таза кандуу англис аты — 100 миң доллар;
  • «Дончак», донск-англис породасы — 100 миң доллар;
  • «Кундуз», таза кандуу англис аты — 50 миң доллар; 
  • «Байтал», таза кандуу англис аты — 50 миң доллар; 
  • «Острый», англо-рысак — 15 миң доллар.

Мындан тышкары маркум кримтөбөл Рысбек Акматбаевдин жакындарынын сарайынан Көлбаев алган 5 миң долларлык асыл тукум бээ да камакка алынды.

Атайын кызматтан Көлбаевдин кылмыштуу жол менен алынган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүн аныктоо боюнча иштер уланып жатканын кошумчалашты.

Көлбаевдин өлүмү

«Мыйзамдагы ууру» атыккан Камчы Көлбаев 4-октябрда УКМКнын кармоо операциясы учурунда өлтүрүлгөн. Аны кармоого уюшкан кылмыштуу топтун башчысы «Дөө Чыңгыз» каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловдун өлүмүнө катыштыгы бар делген арыз негиз болгону айтылган.

Көп өтпөй УКМК Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун 40тан ашык мүчөсү кармалганын билдирген. Ошондой эле кримтөбөлдүн мыйзамсыз жол менен алынган мүлкүнүн алдын ала жалпы баасы 1 млрд АКШ доллар деп эсептелип, алар камакка алынган.

УКМК кримтөбөлдүн өлүмүнөн соң түрдүү кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн кармоо иштерин күчөттү. Ал эми кылмыштуу топтун айрым мүчөлөрү менен кримтөбөлдөр «мыйзамдагы ууру» деген макамы менен «кылмыш чөйрөсүндөгү түшүнүктөрдөн» баш тартып, өлкөнүн мыйзамдарына баш ийүүнү убадалаган видеолору тарады.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Каракчылык заманды унутуш керек». Президент Көлбаевдин өлүмү боюнча пикирин билдирди