1999-2000-жылдары Баткен коогалаңында курман болгондор эскерилди

Сүрөт: Жеңиш Айдаров/Azattyk

Баткен шаарында 1999-2000-жылдардагы окуяларда аскердик милдетин аткарып жатып курман болгон жоокерлер эскерилди. Иш-чара 26-октябрда өттү.

Ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ишкана-мекемелердин жетекчилери, коогалаңдын катышуучулары, шаар тургундары жана маркумдардын үй-бүлөлөрү катышты.

Эстеликке гүлчамбар коюлду. Куран окуп, каза болгондордун эрдиктери баа жеткис экени белгиленди. Ушундай эле эскерүү иш-чаралары облустун башка аймактарында да өткөрүлүүдө.

1999-2000-жылдардагы Баткен согушуна 6 миңдей жоокер, 400дөй жаран катышкан. Жыл сайын 26-октябрда Баткен окуясында курман болгон жоокерлер эскерилиип келет.

1999-2000-жылдарда «Өзбекстан ислам кыймылынын» террордук согушкерлери менен Кыргызстандын аскерлери кагылышып, 53 адам курман болгон. 130дан ашык адам жараат алган.

Баткен согушунан кийин гана Баткен облусу Ош облусунан бөлүнүп өзүнчө аймак болуп түзүлгөн.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Сакалчандар»