Бишкекте 31-октябрдан тарта жылуулук бериле баштайт

Бишкек мэриясы 31-октябрдан тарта шаарда жылуулук бериле баштай турганын кабарлады. Тиешелүү буйрукка калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыров кол койду.

Маалыматка караганда, жылуулук берүү бир нече күнгө созулат. Алгач мектептерге, бала бакчаларга, ооруканаларга, төрөт үйлөрүнө жана социалдык коргоо мекемелерине берилет.

«Андан кийин мурда керектелген жылуулук энергиясы үчүн карызы жок жана объекттин кышкы шарттарда пайдаланууга даярдыгы жөнүндө актысы бар турак жайларга, өнөр жай ишканаларына жана мекемелерге бериле баштайт», — деп жазылат маалыматта.

Мэриядан жылуулуктун агымын тездетүү үчүн «турак жайды туташтырууда үйлөрдүн үстүнкү кабаттарынын жылытуучу приборлорундагы Майевский крандары аркылуу жылуулук системасынан абаны чыгаруу зарыл» экенин белгилешти.