УКМК: Кыргыз-тажик чек арасында аткезчилик менен дары-дармек ташыгандар аныкталды

Кыргыз-тажик чек арасындагы «Кыргызстан» соода түйүнүнүн кампа жайынан тиешелүү документтери жок бир топ көлөмдөгү эл керектөөчү товарлар жана медициналык препараттар табылды. Бул тууралуу 28-октябрда УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 16 миң кутучадан ашык медициналык буюмдар, 19 тонна кумшекер, 9 тонна тоок эти, ошондой эле 18 миңден ашык алкоголдук жана энергетикалык суусундуктардын бөтөлкөлөрү аныкталган.

Учурда кармалган товардын баасы эсептелип, иштин бардык жагдайлары аныкталып жатканы айтылды.

27-октябрда атайын кызмат ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн товардык-материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз ташып кирүү фактысына бөгөт коюлганын кабарлаган.

Анда «Чоң-Капка-унаа жол» көзөмөл-өткөрүү пунктунан «ДАФ» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа кармалган. УКМКнын айтымында, андагы товарды Кыргызстандын аймагына милдеттүү салыкты төлөбөстөн алып кирүү аракети болгон.