Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевке Карагандыдагы кырсыкка байланыштуу көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Казакстандын өлкө башчысы Касым-Жоомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Караганды облусундагы шахтада болгон кырсыкка байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу 29-октябрда президенттик администрациядан билдиришти.

28-октябрь саат 8:00 чамасында Казакстандын Караганды облусундагы Костенко шахтасында жарылуу болгон. Кырсыктан каза тапкандардын саны 29-октябрдын таңына карата 36 киши болуп, дагы 10 шахтёр изделүүдө.

Кырсыкка байланыштуу 29-октябрь Казакстанда Аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Аталган жарылуу боюнча «Тоо-кен жана курулуш иштерин жүргүзүүдөгү коопсуздук талаптарын бузуу» беренеси менен кылмыш иши козголгону айтылды.

Буга чейин да «АрселорМиттал Темиртау» компаниясына таандык «Казакстан» шахтасындагы өрттөн беш киши каза таап, 16сы жаракат алган.

Бул жолку кырсыктан кийин президент Касым-Жомарт Токаев «АрселорМиттал Темиртау» компаниясы менен инвестициялык кызматташтыкты токтотууга тапшырма бергени маалымдалды.