Кикбоксчу Аброр Хакимов Сауд Арабияда өтүп жаткан Дүйнөлүк оюндарда алтын медаль жеңди

Сүрөт: Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу дене тарбия жана спорт боюнча департаменти.

Кыргызстандык спортчу Аброр Хакимов Сауд Арабияда өтүп жаткан Бүткүл Дүйнөлүк оюндарында кикбокс боюнча алтын медаль жеңди. Бул тууралуу 29-октябрда Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашты.

Хакимов 71 килограммга чейинки салмактык категорияда күч сынашып, финалда франциялык спортчуну 2:1 эсебинде утту.

Бүткүл дүйнөлүк оюндар 15 спорттун түрү боюнча Сауд Арабиянын борбору Эр-Рияд шаарында өтүп жатат. Мелдеш 20-октябрда башталган, 30-октябрда жыйынтыкталат.

Ага Кыргызстандын карате, самбо, джиу-джитсу, греплинг, казак күрөшү, алыш күрөшү жана кикбокс боюнча улуттук курамасы катышууда.

Аброр Хакимов өткөн жылы Бангок шаарында өткөн кикбокс боюнча Азия чемпионатында алтын байге уткан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Каратист Адилет Шадыканов Азия оюндарында күмүш медаль тагынды

Күрөшчү Нурзат Нуртаева Азия оюндарында күмүш медаль утту