Туунун авторлорунун бири Бекбосун Жайчыбеков өлкөнүн символун өзгөртүүгө каршы чыкты 

Туунун авторлорунун бири Бекбосун Жайчыбеков өлкөнүн символун өзгөртүүгө каршы чыкты. Бул тууралуу ал Kaktus.media’га курган маегинде билдирди

Жайчыбековдун айтымында, депутаттардын туудагы толкун болгон нурларды түз кылып өзгөртүү сунушу — «эң эле жаман вариант, жамандын жаманы». 

«Биз нурлардын толкунун бир аз гана түзөтсөк деген ойлор болгон да. Мен тууну өзгөртүүгө таптакыр каршымын. Мен күн нурларынын түз болушуна каршымын», — деди ал. 

Жайчыбеков туунун авторлору байракты өзгөртүүнү сунушташпаганын да кошумчалады. 

«Биз айттык, эгер [өзгөртүүнү] эл талап кылса биз каршы чыга албайбыз дедик. Биз эл үчүн иштедик жана иштей беребиз. Азыр баарына мени күнөөлөп жатышат», — деп айтты туунун авторлорунун бири. 

Тууну өзгөртүү сунушу 

Мамлекеттик тууга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушун биринчилерден болуп  мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. Анын демилгечилери — төрага Нурланбек Шакиев жана депутат Улан Примов — туудагы күн нурларынын формасын өзгөртүүнү сунуштап жатышат. 

Мамлекеттик тууну өзгөртүү демилгесин биринчилерден болуп депутаттар Нурланбек Шакиев менен Улан Примов көтөрүп чыккан, алар тийиштүү мыйзам долбоорун коомдук талкууга коюшкан. Алар туудагы форманын нурларын өзгөртүүнү сунушташкан.

Алар «түндүк менен күн нурунун көрүнүшүндө диллема пайда болуп жатканын» айтып, «түрдүү чечмелөө бар, сүрөттөлүшү күн карамынын гүлүнө же болбосо боз үйдүн тышкы бетине окшош сыяктуу» деп белгилешкен.

Бирок алардын кесиптеши Мирлан Самыйкожо буга каршы чыгып, өзгөртүүнүн кажети жоктугун билдирген. Ал тууну өзгөртпөй, башка маселелерди чечүүнү сунуштаган.

Президенттин кеңешчилеринин бири Болот Ибрагимов дагы каршы оюн айткан. Ал азыркы учурда «чынында тез арада чече турган башка маанилүү маселелер көп» деп эсептейт.

Ал эми тууну өзгөртүү идеясы президент Садыр Жапаров жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев тарабынан колдоо тапкан. Өлкө башчысынын айтымында, «Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери башкаларга күн карама болуп келди», ошондуктан «тууга түзөтүүлөрдү киргизүүнүн убакыт-сааты келген». Ал туу өзгөрсө «мындан ары күн бизди карап жылмайып тургандай болот», ал эми Кыргызстан «эч кимдин көзүн карабай, өз алдынча жаркырап өнүгөт деп жакшы ниет кылуу» керек деп эсептейт.