U23 дүйнө чемпионатында кыргыз балбандары үч коло медалга ээ болушту

Кыргызстандык балбандар Албанияда өткөн 23 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чемпионатында үч коло медаль утту. Бул тууралуу 30-октябрда Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашты.

Эркин күрөш боюнча 57 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан Бекзат Алмаз уулу казак спортчусун жеңип коло байге тагынды.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от sport.gov.kg (@sport.gov.kg)

Дагы бир эркин күрөш балбаны Тайырбек Жумашбек уулу 61 килограммга чейинки салмакта беттешип, коло үчүн болгон таймашта индиялык атаандашын утту.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от sport.gov.kg (@sport.gov.kg)

Ал эми грек-рим күрөшү боюнча кураманын жалгыз медалын Ырыскелди Максатбек уулу (77 кг) алып келди. Ал Сербиянын балбанын жеңип, коло байгеге ээ болду.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от ФЕДЕРАЦИЯ БОРЬБЫ КР (@kyrgyzstan_wrestling_official)

Бул жолку күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чемпионаты 23-29-октябрь аралыгында Албаниянын Тирана шаарында болуп өттү. Мелдешке жалпы 18 кыргызстандык балбан катышты.