Чүй: Тургундан 40 миң доллар опузалаган блогер психиатриялык ооруканага жаткырылды

Чүй облусунун Аламүдүн районунда 76 жаштагы кишиден 40 миң доллар опузалаган блогер Чым-Коргондогу психиятриялык ооркуканада дарыланат. Бул тууралуу 31-октябрда Жогорку соттон кабарлашты.

Шектүүгө карата медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чарасы колдонулуп, байкоого алынган. Анын негизинде сот шектүүнү «акыл-эси ордунда эмес» деген бүтүм менен жоопкерчиликтен бошотту.

«Соттук-психиятриялык эки экспертиза жүргүзүлдү. Бири тергөө учурунда, экинчиси соттук териштирүү маалында болду. Экөөнүн тең жыйынтыгында блогердин акыл-эси жайында эмес деген бүтүмгө келишти», — дешти соттон.

Жабырлануучу келтирилген чыгымды өндүрүп берүү өтүнүчү менен сотко кайрылган. Аламүдүн райондук соту маселени жарандык тартипте чечүү үчүн шектүүнүн унааларын камакта калтырды.

Блогер үстүбүздөгү жылдын 3-майында кармалган. Ал «терс мазмундагы видеотасманы жарыялайм» деп коркутуп, тургундардан акча алып жүргөнү айтылган. Бул боюнча «Опузалап акча талап кылуу» беренеси менен иш козголгон.

Жергиликтүү басылмалар шектүү — блогер Улан Бекмуратов экенин жазган. Буга чейин жол кайгуул кызматкерлери блогер мыйзамсыз тонировка колдонгону үчүн айып салып жатканда ал унаасын өрттөөгө аракет кылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Чүйдө 40 миң доллар акча опузалоого шектелип блогер кармалды