Жогорку сот Исмаиловдун депутаттык мандатын жокко чыгаруу чечимин күчүндө калтырды

Фархат Исмаилов. Сүрөт: Интернеттен алынды

Жогорку сот Фархат Исмаиловду депутаттык мандаттан ажыратуу тууралуу шаардык соттун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу «Клоопко» 31-октябрда соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Мандатынан ажыраган дагы бир депутат Фарходбек Алимжанов дагы Жогорку сотко даттанган. Бирок азырынча анын доо арызы карала элек.

Эки депутаттын мандатынан ажыраганы тууралуу 6-июлда белгилүү болгон. Мындай чечимге алардын дипломдорунун жаракыз деп табылганы негиз болгон.

Кийин алар Боршайкомдун чечимине каршы сотко доо арыз менен кайрылган, бирок Бишкектин административдик соту арызды канаттандырган эмес.

БШКнын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев «депутат болуу үчүн талапкер жогорку билимдүү болуш керек» деген талап 2021-жылы киргизилгенин билдирген. Анын айтымында, ага чейин талапкерлерден диплом талап кылынчу эмес.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен өткөн жылы марттан тарта УКМК бардык аткаминерлердин дипломунун аныктыгын жана кош жарандуулугун текшере баштаган.

Атайын кызматтан жасалма диплом эң эле көп берилген окуу жай катары Кыргыз улуттук университети шектелерин билдиришкен.

ТЕМА БОЮНЧА: 

Бишкек шаардык соту ИСмаиловдун мандатын жокко чыгаруу чечимин күчүндө калтырды

Жасалма диплом чыры: Борбордук шайлоо комиссиясы эки депутатты мандатынан ажыратты