MBank Temirov Live’дын эсеби бөгөттөлгөнү боюнча түшүндүрмө берди

«Кыргызстан» (MBank) комбанкы «Клоопко» Temirov Live’дын иликтөөчү журналисттеринин ишин колдоо үчүн ачылган банктык эсепти бөгөттөөгө эмне себеп болгонун түшүндүрдү. Буга чейин иликтөөчүлөрдүн командасы эсептин бөгөттөлүшүн «банктын Кыргызстанда сөз эркиндигин чектөө боюнча саясаты» катары баалап жатышканын билдиришкен.

Банк «кардар эсепти жана банктын мобилдик тиркемесин жеке мүнөздөгү операциялар үчүн гана пайдалана алары» тууралуу Улуттук банктын талаптарын эске салды.

«КР мыйзамдарына ылайык, кайрымдуулук коммерциялык эмес уюмдар — фонддор/ассоциациялар тарабынан гана жүзөгө ашырылат. Кайрымдуулук үчүн каражаттарды чогултуу үчүн тиешелүү фонддор/ассоциациялар менен байланышуу керек», — деп айтылат билдирүүдө.

Temirov Live’дын негиздөөчүсү Болот Темиров 30-октябрда коррупция жана бийликтин өз билемдигине каршы күрөшүү үчүн MBank’тан эсеп ачтыртканын билдирген. Бир күндөн кийин долбоордун эсеби бөгөттөлгөн. Темировдун айтымында, бир сутка ичинде эсепте дээрлик 10 миң сом чогулуп калган болчу.

«“Кыргызстан” банкы Темиров Лайв жана “Айт Айт Десе” көзкарандысыз медиаларынын электрондук капчыгын экинчи жолу бөгөттөп жатат. Биз муну банктын Кыргызстандагы сөз эркиндигин чектөөгө багытталган саясаты катары баалайбыз», — деп билдирди Temirov Live.

Биринчи жолкусунда MBank Temirov Live’дын эсебин 2022-жылдын декабрында жапкан.

Temirov Live — Кыргызстанда белгилүү иликтөөчү журналист Болот Темировдун долбоору. Temirov Live’дын командасы жогорку бийлик башындагы коррупция тууралуу бир катар чуу жараткан иликтөөлөрдү чыгарган, алардын биринде УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев жөнүндө сөз болгон.

2022-жылдын 23-ноябрында Бишкек шаардык соту Темировдун Кыргызстандан чыгаруу өкүмүн чыгарган. Өкүм чыгары менен журналист сот залынан күч менен чыгарылып, ИИМдин кызматкерлеринин коштоосунда Москвага депортацияланган.

Ички иштер министринин орун басапы Нурбек Абдиевдин айтымында, Темировго Кыргызстанга кирүүгө беш жылга тыюу салынган.