Депутат Ашимова кара куурайды өрттөбөй, дары-дармек катары колдонуну сунуштады

Депутат Динара Ашимова 2-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында кара куурайды өрттөбөй, дары катары колдонууну сунуштады. Анын айтымында, ага бул боюнча долбоордун авторлору кайрылышкан.

Депутат саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге кайрылып, аталган долбоордун авторлорун кабыл алууну суранды, себеби бул маселе министр башкарган ведомствонун компетенциясына кирет. 

«Польшада жана Украинда, эгер кара куурайдын жанына ушул эле өсүмдүктүн башка сортун өстүрсөң, кийинки жылы анын психотроптук таасири жоголуп кетет. Андан кийин андан дары жана майларды жасашат. Европада ага суроо-талап чоң. А бизде, Кыргызстанда, кара куурай өрттөлөт. Эгер бул республика үчүн пайдалуу болсо, маселени карап көрүүнү суранам», — деди ал.

«Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө» мыйзамдын 25-беренесине ылайык, Кыргызстандын аймагында кара куурай жана башка баңги кылуучу каражаттарды эгүү жана өстүрүүгө тыюу салынган.