Кыргызстан, Өзбекстан жана Орусия Каспий деңизи аркылуу транспорттук коридор түзүүнү макулдашты

Кыргызстан, Өзбекстан жана Орусия Каспий деңизи аркылуу транспорттук коридор түзүүнү макулдашты. Бул тууралуу 1-ноябрда Ташкентте өткөн ШКУга мүчө мамлекеттердин транспорттук форумунун жыйынтыгы боюнча Өзбекстандын Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын транспорт министри Тилек Текебаев, анын өзбекстандык кесиптеши Ихлом Махкамов жана Орусиянын транспорт министринин орун басары Дмитрий Зверев «Орусия — Каспий деңизи — Түркмөнстан — Өзбекстан — Кыргызстан» эл аралык мультимодалдык транспорттук коридорун түзүү жана өнүктүрүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Түркмөнстандагы Каспий деңизинин жээгиндеги порт. 

Бул транспорттук коридорду түзүүгө Кыргызстан Казакстан аркылуу өтүүгө альтернатива катары кызыкдар. «Азаттык» чек арада кыргыз жүктөрүн жасалма жол менен өткөрбөй, байма-бай кармап келген казак бюрократиясы кыргыз өкмөтүн кошумча транспорттук коридор издөөгө мажбур кылганын жазган

«Түштүк коридор» деп аталган жаңы маршрут Кыргызстанга Өзбекстан, Түркмөнстан жана Каспий деңизи аркылуу Европа жана Орусияга чыгууга жол ачат. Мында Түркмөнстандагы «Түркмөнбашы» деңиз порту маанилүү ролду ойнойт. Ал жерден Баку, андан ары Грузия, Түркия, андан кийин Европага же Орусиянын Махачкала жана Астрахань шаарларына жетүүгө болот.