«Матраимов “Матиз” минип жүрсүн». Ташиев маморгандарда «мафиядан тазалоо» жүрүп жатканын айтты

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Райымбек Матраимовго байланышы бар 92, Камчы Көлбаевге байланышы бар 60 мамлекеттик кызматкер аныкталганын билдирди. Мындай билдирүүнү Ташиев 2-ноябрда УКМКнын Кемин райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышында айтты.  

«202 мамлекеттик кызматкер уюшкан кылмыштуу топко, криминалдык элементтерге жана коррупцияга байланыштуу кызматтарынан алынып жатат. Бул масштабдуу жумуштардын бардыгы — ар бир мамлекеттик органды тазалоонун негизинде болуп жатат », — деп билдирди атайын кызматтын башчысы. 

Аны менен катар, Камчыбек Ташиев мамлекеттик бийликтин кайсы бутагында болбосун мындан ары УКТ, «мафия» болбойт деп эскертти.  

«Көлбаев, Матраимов деген мафия болбойт. Райымбек Матраимов мамлекетте жүрө турган болсо кичинекей гана “Матиз” машинасын минип жүрүш керек. Матраимовдун кланы, кылмыштуу түрдө топтогон байлыгы мамлекеттин өсүшүнө тоскоол жаратып же ички саясий иштербизге тоскоол кылбашы керек», – деп баса белгиледи ал. 

Буга чейин, УКМК жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаев жана коррупция боюнча күнөөсүн мойнуна алган экс-бажычы Райымбек Матраимов менен байланышы бар 50 кызматкер Бажы кызматындагы ишинен бошотулганын билдирген болчу

ТЕМА БОЮНЧА:

Камчыбек Ташиев Кеминде УКМКнын кезектеги жаңы имаратын ачты

Сырдуу өлүм. Көлбаевдин өлтүрүлүшү Жапаров менен Ташиевдин чырын кантип ачыктады