Камчыбек Ташиев Кеминде УКМКнын кезектеги жаңы имаратын ачты

2-ноябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Чүй облусунун Кемин районундагы атайын кызматтын жаңы имаратынын ачылышына катышты. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев, Кемин районунун акими Алайбек Жумаев,  башкармалыктын өздүк курамы жана ардагерлер катышты. 

Атайын кызматтан жаңы ачылган имарат «бардык заманбап талаптарга жооп берерин жана толугу менен улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин натыйжалуу ишин уюштуруу үчүн зарыл болгон эмеректер менен жабдылганын» белгилешти.

Ташиев иш-чарада «мамлекеттин коопсуздугу үчүн жүктөлгөн милдеттерди жогорку кесипкөйлүк менен аткаруу зарылдыгын, өлкөдө укук тартибин чыңдоо, мамлекеттик кызматкерлер арасындагы коррупцияны жоюу жана уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу — коопсуздук кызматкерлеринин башкы милдети» экенин айтты.

19-октябрда УКМКнын Кара-Балта шаарында атайын кызматтын Жайыл райондук башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылышы болгон.

2021-жылдан тарта өлкөдө укук коргоо органдарынын, айрыкча, УКМКнын административдик имараттары байма-бай жаңыланып, анын ачылыш аземдери салтанаттуу түрдө өткөрүлүп келет. Ачылган имараттардын саны 50дөн ашып калганы менен, каржы булагы ачыкталбайт.

Автору: Нурайым Рустамова

ТЕМА БОЮНЧА:

Камчыбек Ташиев Кара-Балтада УКМКнын кезектеги жаңы имаратын ачты

Жумгал: Камчыбек Ташиев УКМКнын кезектеги жаңы имаратын ачты

Ташиев: УКМКнын Ош, Жалал-Абад жана Талас облусундагы бардык имараты жаңыланып бүттү