Ош: Тургундан акча опузалоого шектелип издөөдө жүргөн үч милиция кызматкери кармалды

Кылмышка шектүүлөр. Сүрөт: УКМК

Ош шаарында тургундан 400 миң сом акча талап кылууга шектелип, издөөгө салынган үч милиция кызматкери — милициянын эки капитаны жана бир майору кармалды. Бул тууралуу 27-октябрда УКМКдан билдиришти. 

Маалыматка караганда, алар зордуктоо фактысы боюнча кылмыш ишин козгойбуз деп коркутуп, шаар тургунунан акча каражатын талап кылышкан. 

25-сентябрда ушул эле ишке байланыштуу ортомчу 100 миң сом алып жаткан жеринен кармалган, кийинчерээк милициянын бир майору колго түшкөн. Алар УКМКнын тергөө абагына эки айлык мөөнөткө камакка алынып, калган шектүүлөргө издөө жарыяланган.

Шектүүлөргө карата 3-октябрда козголгон кылмыш ишинин алкагында мурда изделген үч шектүү Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөө абагына киргизилди. 

Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. 

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: Тургундан акча опузалаган бир милиция кызматкери кармалды, үчөө изделүүдө