Ала-Бука: Окуучуларды колго ийне менен сайгылаган мугалим иштен алынды

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Ак-Коргон айылындагы №40 Чыңгыз Айтматов атындагы мектепте окуучуларды колго ийне менен сайгылаган мугалим иштен алынды. Бул тууралуу 3-октябрда Билим берүү министрлигинин басма сөз катчысы Гүлмира Үмөталиева кабарлады.

Буга чейин соцтүйүнгө аталган мектептин мугалими 5-класстын үч окуучусун колго ийне менен сайганы тууралуу маалымат тараган. Анда бир окуучунун колуна 17 жолу ийне сайылганы айтылган.

Билим берүү министрлиги окуя 24-октябрда болгонун белгилеп, бул боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканын билдирген. Мекеменин маалыматына ылайык, кыргыз тили жана адабияты мугалими окуучулар тапшырма аткарбаганы үчүн ушундай кадамга барган.

Министрликтен окуучулардын укугу дайым корголоорун, балдарга зордук-зомбулук көрсөтүүгө эч кимдин акысы жок экенин белгилешти.

Өткөн жылы Ош шаарындагы №4 Киров мектебинин мугалими 1-класстын окуучуларын тилдеген үн жаздыруу тараган. Ал окуучуларды «мал, акмак, жөндөмсүз, акылсыз селсаяктар» деп урушуп, бирөөсүн бетке чапкан.

Бул коомдо кызуу талкуу жаратып, мугалим көп өтпөй өзү жазган арыздын негизинде иштен кеткен.

Бирок быйыл ал мугалим ошол эле мектепке кайра ишке орношкону белгилүү болду. Окуучунун апасы болсо шаардагы мектептер баланы «кара тизмеге киргенсиңер» деген жүйө менен кабыл албай жатышканын айтып чыкты.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: Окуучуга кол көтөргөн мугалим мектепке кайтты, баланы башка мектепке албай жатышат