Ош: Окуучуга кол көтөргөн мугалим мектепке кайтты, баланы башка мектепке албай жатышат

Өткөн жылы Ош шаарындагы №4 Киров мектебинде 1-класстын окуучусун тилдеп, бетке чапкан мугалим ошол эле мектепке кайрадан ишке алынды. Ал эми окуучунун апасы шаардагы башка мектептер «кара тизмеге киргенсиңер» деген жүйө менен баланы кабыл албай жатканын айтууда.

Окуучунун апасы Гүлзина Исманова мугалимдин мектепке кайтып келгенине байланыштуу адегенде мектеп жетекчилигине кайрылган. Бирок жетекчиликтен эч кандай жооп болбогонуна байланыштуу Акыйкатчы институтуна балдарынын укуктарын коргоо өтүнүчү менен кайрылган. 

Ош шаарындагы №4 Киров мектеп-гимназиясы. Сүрөт: Интернеттен алынды

Институттан үстүбүздөгү жылы май айынан тарта Билим берүү министрлигине бир нече ирет расмий билдирүү жөнөтүлүп, баланын укуктарын сактоону камсыздоого жана чара колдонууга чакыруу ташталганын белгилешти. 

«Бирок август айынын соңуна чейин жооп болгон эмес. 21-августта министрликтен мугалимдин тажрыйбасын эске алуу менен кайрадан мектепке ишке алышканы айтылган жооп келген. Ушул эле катта баланын укуктарын коргоо жана мектеп бул багытта иш алып бара турганы тууралуу эскертилген эмес. Анан калса министрлик мугалимдин кайтып келүүсүн ата-энелер да колдогонун белгилейт», — деп айтылат Акыйкатчы институту тараткан билдирүүдө.

Акыйкатчы институту окуучуну тилдеп, кол көтөргөн мугалимдин аракетине баа берүү чакырыгы менен Башкы прокуратурага кайрылган. Прокуратуранын расмий жообунда мугалим «Педагогдордун укуктары менен милдеттерин» бузганы айтылган. 

Ошондой эле 1-августта аталган мектептин директоруна сөгүш жарыяланганы маалымдалды.

«Кара тизмеге киргенсиңер»

Мугалимдин ишке кайтканын уккандан кийин окуучунун апасы Гүлзина Исманова уулунун коопсуздугу үчүн аны Оштогу жеке менчик мектептердин бирине берүүгө аракеттенген. Бирок жеке мектеп «кара тизмеге киргенсиңер» деп, баланы кабыл алуудан баш тарткан.

«[Жеке менчик мектептин директору] “силерди Ош шаарындагы бардык мектептердин кара тизмесине киргизип салышты деп айтып жатышат” деди. Ага айтып түшүндүрүүгө аракет кылдык, бирок бизди уккан да жок. Мындай учурда эмне кылышыбыз керек? Башталгыч класстардын балдарына билим берилбей калабы?» — деди окуучунун апасы.

Ал эми шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Санталат Аматова окутуучу ата-энелердин кайрылуусу менен келгенин айтууда

«Мугалим 80 ата-эненин кайрылуусу менен келди. Ал келер алдында баласын кемсинткен ата-энеден кечирим сураптыр», — деди Аматова.

2022-жылы окуу жылдын башында мугалим кичинекей окуучуларды тилдеп жаткан аудио тараган. Анда Ош шаарындагы №4 Киров мектебинин мугалими 1-класстын окуучусун «мал» жана «акмак» деп тилдеп, баланы бетке чапкан. Ошондой эле окутуучу класстагы балдарды «жөндөмсүздөр, акылсыз бомждор» деп тилдеген.

Бул коомчулукта кызуу талкууга алынып, мугалим ошол эле жылы 30-сентябрда жеке арызы менен иштен кетүүгө мажбур болгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Мектепке күчүгүн алып келген окуучуга орой мамиле жасаган мугалимдерге эскертүү берилет

Сузакта мугалим окуучу кызды сабаганы боюнча комиссия түзүлүп, териштирүү башталды

Сузак: Мектепте сабалган окуучу кыз, апасы жана мугалим окуя боюнча үн катышты

Укук коргоочулар: Окуучуну сабаган мугалимдин үстүнөн ата-энелер мурда дагы арызданышкан