«Манас» аэропортунун жолунда унаа менен жарышып, милицияга каршылык көрсөткөндөргө иш козголду

Бишкек — ​​«Манас» аэропорту жолунда унаа жарыш уюштурган ишке байланыштуу 3 киши кармалып, унаалары айып короого киргизилди. Бул тууралуу 6-ноябрда «Клоопко» Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-ноябрга караган түнү белгисиз адамдар Бишкек — «Манас» аэропорту багытындагы жолду жаап, унаа жарышын өткөрүүгө аракет кылышкан. Алар окуя болгон жерге барган күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, кызматтык унааны таш менен урушкан. 

Бул факт боюнча «Бейбаштык» беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Окуяга тиешеси бар адамдар суракка алынып, айдоочулардын бирине 15 миң сом айып салынды.

Учурда окуяга тиешелүүлөрдү издөө иштери жүрүп жатат.