Төө-Ашууда өрттөнгөн унааны өчүрүүгө көмөктөшкөн экинчи милиционер ооруканада көз жумду

Маркум Орозмамат Акуналиев. Сүрөт: Баткен ОИИБи

Ош — Бишкек унаа жолунда күйүүчү май ташыган унаа өрттөнүп жатканда айдоочуну куткарууга аракет кылган Кызыл-Кыя ШИИБнин дагы бир кызматкери Орозмамат Акуналиев ооруканада көз жумду. Бул тууралуу 6-ноябрда Баткен облустук милициясынан билдиришти.

Орозмамат Акуналиев — ИИМдин Эргеш Алиев атындагы академиясын бүтүрүп, Өзгөн жана Ноокат РИИБдеринде, ошондой эле Ош облустук милициясында кызмат өтөгөн. 

2021-жылдан бери Кызыл-Кыя ШИИБдин тергөө кызматынын улук тергөөчүсү болуп эмгектенип келген. Маркумдун артында 2 уул, 1 кызы калды.

«ИИМдин жетекчилиги, коллегия мүчөлөрү жана жалпы ички иштер органдарынын кызматкерлери бул кабарды угуп кабыргабыз кайышып кабыл алдык. Эр жүрөк жигиттерибиздин үй-бүлөсүнө жана бир туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгыларын тең бөлүшөбүз. Кесиптештерибиздин жаркын элеси түбөлүккө сакталат. Жаткан жерлери жайлуу, топурактары торко болсун», — деп билдиришти Ички иштер министрлигинен.

27-октябрда Ош — Бишкек унаа жолунун 96-чакырымында күйүүчү май ташыган унаа түндүктөн түштүктү көздөй бара жаткан учурда кулап, күйө баштаган

Иш сапарына бараткан кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкери, 41 жаштагы Дилмурат Шамшиев жана 30 жаштагы тергөөчү Орозмамат Акуналиев айдоочуну өрттөн куткаруу үчүн токтошкон. Жардам берүү учурунда күч түзүмүнүн кызматкерлери өрттөн жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Шамшиевдин денеси өрттөн көп жабыркагандыктан 1-ноябрда каза болгон. Маркум Кызыл-Кыя ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн издөө боюнча ыкчам өкүлү, милициянын майору. Артында 3 баласы калды.

ТЕМА БОЮНЧА:

Төө-Ашууда өрттөнгөн унаага көмөктөшүү үчүн токтогон милиция кызматкери көз жумду