Төө-Ашууда өрттөнгөн унаага көмөктөшүү үчүн токтогон милиция кызматкери көз жумду

Дилмурат Шамшиев жана Орозмамат Акуналиев. Сүрөт: Баткен ОИИБ

Ош — Бишкек унаа жолунда күйүүчү май ташыган унаа өрттөнүп кетти. Өрттү өчүрүүгө жардам берген Кызыл-Кыя ШИИБнин эки кызматкеринин бири каза болуп, экинчисинин абалы оор. Бул тууралуу 2-ноябрда Баткен облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-октябрь саат 15:30да Ош — Бишкек унаа жолунун 96-чакырымында күйүүчү май ташыган унаа түндүктөн түштүктү көздөй бара жаткан учурда кулап, күйө баштаган. 

Honda CRV унаасында иш сапарына бараткан кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкери, 41 жаштагы Дилмурат Шамшиев жана 30 жаштагы тергөөчү Орозмамат Акуналиев айдоочуну өрттөн куткаруу үчүн токтошкон. Жардам берүү учурунда күч түзүмүнүн кызматкерлери өрттөн жабыркап, ооруканага жеткирилген.

«Шамшиевдин денеси өрттөн көп жабыркагандыктан 1-ноябрда каза болду. Ал эми Акуналиев ооруканада. Абалы оор», — деп билдиришти милициядан.

Буга чейин ӨКМ 27-октябрда Төө-Ашууда бензин ташыган автоунаанын цистернасы кулап, күйүп кеткенин кабарлаган. «Мерседес Бенц» жана «Хонда СРВ» унаалары жардам берүү үчүн токтогон учурда, өрттөнүп жаткан цистерна жарылып, жеңил автоунаалар да күйүп кеткен. ӨКМ кырсыктан төрт адам жараат алганын билдирген.

Дилмурат Шамшиев — Кызыл-Кыя ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн издөө боюнча ыкчам өкүлү, милициянын майору. Артында 3 баласы калды.

Ал бир нече жыл кенже курамда иштеп, кийин аймактык тескөөчү, жашы жете электер менен иштөө инспекциясында, экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматында эмгектенген. 

Акыркы мезгилде кылмыш иликтөө бөлүмүндө кызмат өтөп, коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүгө чоң салым кошуп келген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Баткенде куралга этиятсыз мамиле кылуудан улам аскер кызматкери каза тапты

Чаткал: Кар көчкү түшүп, алтын казган ишкананын эки кызматкери каза тапты