ЖКККББ: «Манас» аэропортунун жолунда унаа жарышын өткөргөн тогуз киши кармалды

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Бишкек — ​​«Манас» аэропорту жолунда унаа жарыш уюштурган тогуз айдоочуну кармады

Маалыматка ылайык, 5-ноябрга караган түнү белгисиз адамдар Бишкек — «Манас» аэропорту багытындагы жолду жаап, унаа жарышын өткөрүүгө аракет кылышкан. Алар окуя болгон жерге барган күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, кызматтык унааны таш менен урушкан. 

ЖКККББнын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, унаалар айып коргоого токтотулуп, ар бир айдоочу 15 миң сомдон айыпка жыгылды. Тийиштүү чараларды көрүү үчүн айдоочулар милиция бөлүмдөрүнө жеткирилүүдө.

«Териштирүү учурунда, айдоочулар коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун бузгандыгы үчүн коомчулуктан кечирим сурашууда», — деп айтылат жол башкармалыгынын маалыматында.