Кыргыз эл артисти Зинаида Петренко акыркы сапарга узатылды

Кыргыз эл артисти Зинаида Петренко

8-ноябрда Кыргыз эл артисти Зинаида Петренко Чыңгыз Айтматов атындагы орус улуттук драма театрында акыркы сапарга узатылды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен маалымдашты.

Актрисанын акка моюн сунганы тууралуу 6-ноябрда белгилүү болгон.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына минкабдын төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев, Театр ишмерлер союзунун президенти Жаныш Кулмамбетов жана актрисанын жакындары, кесиптештери жана күйөрмандары катышты.

Иш-чарада «таланттуу актриса өмүрүнүн акырына чейин мыкты актриса, режиссёр жана чыгармачыл насаатчы катары иштегени жана анын жаркын элеси түбөлүккө сакталары» баса белгиленди.

72 жаштагы Зинаида Петренко — Орусиянын Уфа шаарында кесиптик билим алган. 1975-жылы Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрына ишке кирип, дээрлик 50 жыл бою кызмат кылган. Актриса өлкөнүн бардык аймактарында жана чет өлкөлөрдө гастролдо болуп, театр искусствосун өнүктүрүүгө зор салым кошкон. 

Петренко театр искусствосуна кошкон салымы үчүн «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» жана «Кыргыз Республикасынын эл артисти» мамлекеттик сыйлыктарына татыган.

Актриса акыркы ролун 5-ноябрда «Бальзаминовдун үйлөнүүсү» кайрымдуулук спектаклинде аткарган.