«Авангард стиль» компаниясынын башчысы Эрнис Минкеев тил каттын негизинде камактан чыкты

31-октябрда Бишкектин Октябрь райондук соту «Авангард стиль» курулуш компаниясынын башчысы Эрнис Минкеевдин баш коргоо чарасын өзгөрттү. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Соттун чечими менен, Минкеев эч жакка кетпөө тууралуу тил каттын негизинде бошотулду. Анын бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу УКМКнын тергөөчүсү өтүнүч келтирген. 

Минкеев жана башка бир нече бизнесмен октябрдын башында кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин «Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)» беренеси боюнча айып тагылып 4-ноябрга чейин камакка алынган

Буга чейин ушундай эле айып менен Elite House курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев, MegaCom’дун башкы директорунун мурдагы биринчи орун басары Арстанбек Темирбаев, Kaganat Resort эс алуу борборунун тең теңиздөөчүсү жана «Аврора групп» ЖЧКнын ээси Азрет Боотаев кармалган.  

Алардын баары 4-октябрда атайын операция учурунда жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаевдин өлүмүнөн кийин кармалган.