Бишкек: Таштанды челектен табылган ымыркай №1 төрөт үйүнө өткөрүлүп берилди

Иллюстративдик сүрөт

Бишкек шаарында «Түштүк-2» кичи районундагы Элебаев көчөсүндө жайгашкан таштанды челектердин биринен жаңы төрөлгөн ымыркай табылды. Бул тууралуу «Клоопко» 9-ноябрда Октябрь РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, кабар 8-ноябрь саат 23:30 чамасында Бишкек ШИИБге келип түшкөн. Милиция кызматкерлери аталган дарекке барып, ымыркайды табышкан. 

Бул факт Октябрь райондук милициясына катталып, учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Ал эми ымыркай №1 төрөт үйүнө которулганы маалым болду. Абалы туруктуу.