Журналисттер чагылдыра элек окуяларды же көйгөйлөрдү билсеңиз биз менен бөлүшүңүз

Журналисттер буга чейин чагылдырбаган маселени же кызыктуу окуяларды билесизби? Анда биз менен бөлүшсөңүз болот. Биз болсо тиешелүү дарекке жеткиребиз же болбосо басылманын аянтчаларына жарыяласак болот. 

Иш учурунда тигил же бул көйгөй тууралуу маалыматы көп же кайсы бир кызыктуу окуянын күбөсү болуп, бирок андан ары эмне кылышты билбеген адамдарды көп учуратабыз. 

Албетте, редакциялардын электрондук дарегине кат жазууга болот. Бирок алардын баары эле реакция кылат же жооп жазат деген ыктымалдуулук азырак. Анын да өз себеби бар. 

Биринчиден, кээде бир жумада редакцияга кайсы бир көйгөйдү чагылдырып берүүнү суранган ондогон кат келет. Ар бир окуяга көңүл буруп, аны менен алектенүүгө басылманын ресурсу дагы жетпейт. 

Экинчиден, көйлөрдү ЖМКга жарыялоо деле зарыл эмес — кээде даректелген тарап (мисалы, юрист же жергиликтүү маморган) менен байланышуу деле жетиштүү болот. 

Ушул себептен биз «Ашар» долбоорун баштаганбыз: анда окуяларды топтоп, кандай чечим талап кылынса, ошого жараша дарегине жеткиребиз. 

Биринчи кезекте, сиз аралашкан же өз көзүңүз менен көргөн окуялар кызыктуу. 

Мисалы, «Ашардын» алкагында таза суу каатчылыгы, тротуарлардын жоктугу, даараткана маселеси сыяктуу өтө көп социалдык маселе менен бизге көптөгөн кыргызстандыктар кайрылган. 

Бизге кантип кайрылса болот? 

Сиз билген окуяны биз менен бөлүшүү үчүн Play Market колдонмосунан GigaTurnip (Rinat Tuhvatshin) тиркемесин (эгер телефонуңуз Android болсо) көчүрүп алуу жетиштүү. Ал эми iPhone болсо же компьюетр аркылуу кирем десеңиз веб-версияны колдонсоңуз болот. 

Андан соң «жеткиликтүү кампаниялар» категориясындагы «Ашар» кампаниясына кошулуңуз же бул шилтемени басыңыз. 

Эгерде суроолор пайда болсо биздин +996702008771 +996554594294 (Whatsapp, Telegram) номерлерге билдирүү жөнөтүңүз.