Бишкек мэриясы балалуу аялдарга жардам көрсөтүүчү убактылуу баш калкалоочу жай ачты 

Мэрия Бишкектин Ленин районунда турмуштук оор кырдаалга кабылган балалуу аялдар үчүн көмөк көрсөтүүчү убактылуу баш калкалоочу «Мээрим борборун» ачты. Бул тууралуу 10-ноябрда муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.  

Муниципалитеттен билдиришкендей, балалуу аялдарга ысык тамак, жатакана, медициналык тейлөө, социалдык жана юридикалык жардам берилет. Бул максатта мэрия 493 миң сом бөлгөн. 

Азыркы тапта борбордо 12 аял жана 14 бала жашайт. Борбордун өзүнүн кир жуучу жайы, чач тарач, жуунучу бөлмөсү жана ашканасы бар. Медициналык кызматты №1 үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгерлери көрсөтүшөт.

 

Мэриядан документи жок аялдарга Ленин райондук үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн адистери паспортторун жана туулгандыгы тууралуу документтерин калыбына келтирүүгө жардам беришет деп билдиришти. 

Борбор Бишкектин Трудов көчөсү, 10 дарегинде жайгашкан. 

Телефондору: 0312-64-11-09, 0312-88-38-99 (борбордун директору Роза Казиевна), 0312-65-68-79  (муниципалдык администрациянын адиси Жамиля Абдыбекова). 

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, жыл сайын кризистик борборлорго 9 миңден ашык адам кайрылат. Алар көбүнчө үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандар.  

Кризистик борборлордун даректери көрсөтүлгөн тизме менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышууга болот.