УКМК: Сирияда террордук аракеттерге катышкан кыргыз жараны кармалды

Сириянын аймагында согуштук жана террордук аракеттерге катышкан 28 жаштагы кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу 10-ноябрда УКМКдан билдиришти.

Шектүү. Сүрөт: УКМК.

Маалыматка ылайык, 8-ноябрда кармалган шектүү Жалал-Абад облусунун тургуну экени аныкталды. Ал 2015-жылдын аягында Москва шаарында иштеп жүргөндө «Катиба аль-Таухид валь-Джихад» эл аралык террордук уюмунун мүчөлөрү тарабынан жалданып, Сирияга жеткирилген. 

Атайын кызмат кылмышка шектүү ал жакта «диверсиялык-террористтик даярдыктан өтүп, Сириянын өкмөттүк күчтөрүнө каршы аскердик операцияларга катышканын» белгиледи.

Бул факт боюнча «Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүсү» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

2021-жылдагы расмий маалыматка ылайык, 2013-жылдан бери Сирияга болжол менен 800 кыргызстандык чыгып кеткен. Алардын бир бөлүгү каза болгон деп эсептелсе, аялдар менен балдар аман калган. Алар Сирия жана Ирактагы качкындар лагерине бөлүштүрүлгөн, бирок так саны белгисиз.

Кыргыз жарандарын Сириядагы согуштук аймакка азгыруу менен жалдап алуунун туу чокусу 2014-2015-жылдарга туура келет. Бул убакытта жалдангандардын болжол менен 70%ы өлкөнүн түштүгүнөн кеткен. Сирияга көчүп кетүү демилгесин эркектер көтөрүп, «ыйык согушка» деп өздөрү менен кошо жубайларын жана балдарын да алып кетишет.

ТЕМА БОЮНЧА:

Сириядагы лагерден кыргызстандык 21 аял жана 62 бала алып келинди