Сириядагы лагерден кыргызстандык 21 аял жана 62 бала алып келинди

Сириянын түндүк-чыгышындагы лагерден кыргызстандык 21 аял жана 62 бала атайын учак менен өлкөгө алып келинди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги 22-октябрда билдирди.

Өмүрү жана ден соолугу кооптуу абалда калган балдар менен аялдар өлкөгө «Айкөл-3» гуманитардык миссиясынын алкагында алып келинди. Кыргыз бийлиги буга көмөк көрөткөн АКШ элчилигине, ЮНИСЕФ жана Кызыл крест уюмуна ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле кыргыз делегациясы Сириянын түндүк-чыгышындагы калктын турмушуна керектүү болгон дары-дармек, гуманитардык жардам жеткирди.

Буга чейин, 30-августта Сириядагы лагерден 31 аял жана 64 бала Кыргызстанга алып келинген болчу.

Сириядагы кыргыздарды кайтаруу

Сириядан алып келингендер. Сүрөт: ТИМ.

Кыргыз бийлиги 2021-жылдын март айында «Мээрим» гуманитардык миссиясынын алкагында алгачкы жолу Ирактан Кыргызстанга 79 баланы алып келген.

2021-жылдагы расмий маалыматка ылайык, 2013-жылдан бери Сирияга болжол менен 800 кыргызстандык чыгып кеткен. Алардын бир бөлүгү каза болгон деп эсептелсе, аялдар менен балдар аман калган. Алар Сирия жана Ирактагы качкындар лагерине бөлүштүрүлгөн, бирок так саны белгисиз.

Кыргыз жарандарын Сириядагы согуштук аймакка азгыруу менен жалдап алуунун туу чокусу 2014-2015-жылдарга туура келет. Бул убакытта жалдангандардын болжол менен 70%ы өлкөнүн түштүгүнөн кеткен. Сирияга көчүп кетүү демилгесин эркектер көтөрүп, «ыйык согушка» деп өздөрү менен кошо жубайларын жана балдарын да алып кетишет.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Качан келесиң?» Сириядагы кызын күткөн эне

Сириядагы лагерден кыргызстандык 31 аял жана 64 бала алып келинди