ТИМ Екатеринбургда унаанын алдында калып каза тапкан кыргызстандык тууралуу маалымат берди

12-ноябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Екатеринбург шаарында кичиавтобустун алдында калып каза тапкан кыргызстандык Алтынбек Камбаров тууралуу маалымат берди.

27 жаштагы кыргызстандык 3-ноябрга караган түнү каза болгон. Жеринде тартылган видеодон ал жүрүп бараткан унаанын туткасын кармоого аракет кылып, бирок арткы дөңгөлөккө тебеленип калганын көрүүгө болот.

Камбаровдун агасы жана күбөлөр маркум аны бычактаган кишилерден качып баратып кырсыктаганын билдиришкен. Ал эми айрым күбөлөр маркум ошол жердеги оюн клубунан мас абалда чыкканын айтышкан.

ТИМ Камбаровдун өлүмү боюнча кылмыш иши Орусиянын Свердлов облустук тергөө комитетине өткөрүлүп берилгенин белгилешти.

Министрлик маркумдун туугандарына консулдук-укуктук жардам көрсөтүлгөнүн белгилеп, бул иш алардын жана Кыргызстандын Екатеринбургдагы консулдугунун көзөмөлүндө экенин кошумчалашты.

2022-жылы чет өлкөдөн 350 кыргызстандыктын сөөгү алып келинген. Алардын 200дөн ашыгы Орусияда каза болгону маалымдалган.

Кыргыз мигранттарынын басымдуу бөлүгү — 1 миллиондон ашыгы Орусияда эмгектенет.

ТЕМА БОЮНЧА:

ТИМ: Өткөн жылы чет өлкөдөн 350 кыргызстандыктын сөөгү алып келинди