Коргоо министрлиги: Тойго «спецназчылар» менен келген киши аскер кызматкери эмес

Коргоо министрлиги кыз узатууга спецназдын формасын кийген эки кишинин коштоосунда келген күйөө баланын видеосуна байланыштуу комментарий берди.

Аталган видео соцтармактарда тарап, кызуу талкуу жараткан. Күйөө баланын өзү дагы видеодо ордендер илинген аскер формачан болгон.

Коргоо министрлиги видеодогу күйөө бала өзү да, аны коштоп кирген «спецназчылар» дагы офицерлер эмес экенин билдирди.


Ал эми кыздын жолдошу AKIpress басылмасына аны коштоп кирген эки киши страйкбол куралын көтөргөн актёрлор экенин билдирген.