Кыргызстандык Бектен Эркебай уулу самбо боюнча дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болду

Бектен Эркебай уулу. Сүрөт: Дене тарбия жана спорт департаменти.

12-ноябрда Дене тарбия жана спорт департаменти балбан Бектен Эркебай уулу Арменияда өтүп жаткан самбо боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль жеңгенин кабарлады.

Спортчу күжүрмөн самбо боюнча 88 килограммга чейинки салмактыкта күч сынашып, жарым финалда армениялык спортчуга жеңилди. Алгачкы беттеште ал франциялык, чейрек финалда жаңы зеландиялык балбанды уткан.

Эркебай уулуна чейин кыргызстандык спортчулар төрт медал жеңген. Балбан Жамалбек Асылбек уулу дүйнө чемпиону болсо, Белек Бараканов күмүш медаль уткан. Ал эми Болот Токтогонов менен Саяк Бараканов коло медалга татыган.

Армениянын Ереван шаарында өтүп жаткан самбо боюнча дүйнө чемпионаты 10-ноябрда башталган. Мелдеш 12-ноябрда жыйынтыкталат. Ага 65 өлкөдөн келген сопртчулар катышууда.

Самбо – коргонуунун комплекстүү тутумун камтыган спорттун түрү. Аталышы куралсыз коргонуу дегенди түшүндүрүп, күрөштүн натыйжалуулугу коргонуу болуп эсептелет. Самбодо талылуу жерге чабуу жана дене мүчөөлөрүн кайрып, ооруту ыкмаларын колдонууга болот.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргызстандык Жамалбек Асылбек уулу самбо боюнча дүйнө чемпиону болду