Кыргызстандык Жамалбек Асылбек уулу самбо боюнча дүйнө чемпиону болду

Кыргызстандык спортчулар Арменияда өтүп жаткан самбо боюнча Дүйнө чемпионатында дагы үч медаль жеңди. Бул тууралуу 11-ноябрда Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашты.

88 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан Жамалбек Асылбек уулу дүйнө чемпиону болду. Ал финалдык беттеште казакстандык спортчу Койчубаев Эламанды жеңип алды.

Жамалбек Асылбек уулу. Сүрөт: Дене тарбия жана спорт департаменти

Ал эми 98 килограммдан жогорку салмакта беттеш өткөргөн Болот Токтогонов менен 64 килограммга чейинки салматка күч сынашкан Саяк Бараканов коло медаль багындырышты.

Чемпионаттын биринчи күнү Белек Бараканов күмүш медаль жеңген болчу.

Армениянын Ереван шаарында өтүп жаткан самбо боюнча дүйнө чемпионаты 10-ноябрда башталган. Мелдеш 12-ноябрда жыйынтыкталат. Ага 65 өлкөдөн келген спортчулар катышууда.

Самбо — коргонуунун комплекстүү тутумун камтыган спорттун түрү. Аталышы куралсыз коргонуу дегенди түшүндүрүп, күрөштүн натыйжалуулугу коргонуу болуп эсептелет. Самбодо талылуу жерге чабуу жана дене мүчөөлөрүн кайрып, ооруту ыкмалары менен мөөнөтүнөн эрте жеңүүгө болот.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргыз спортчусу Белек Бараканов самбо боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медаль жеңди