УКМК: Көлбаевдин кылмыштуу тобу зыян келтирген ишкерлердин чыгымы толтурулду

13-ноябрда УКМК Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү зыян келтирген ишкерлерге материалдык чыгымдын орду толтурулуп берилгенин билдирди.

Атайын кызматтан билдиришкендей, УКТнын мүчөлөрү «көп жылдар бою ишкерлерден жана Кыргызстандын жарандарынан Кытайдан экспорттолгон жүктөрдү жана эл керектөөчү товарларды мыйзамсыз тартып алуу менен алектенип келишкен».

Маалыматта белгиленгендей, буга чейин УКМКга «М.Г» аттуу ишкер арыз менен кайрылган. Анда ал кылмышкерлер тарабынан 385 миң доллар өлчөмүндө материалдык зыян тартканын белгилеген.  

«Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында арыз ээсинин жүйөлөрү тастыкталып, УКМК тарабынан “өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык” фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, ошондой эле иш боюнча чогултулган далилдердин негизинде Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун айрым мүчөлөрү, анын ичинде ЖАКтын түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан адамдар аныкталып, кармалган», — деп айтылат УКМКнын маалыматында.

УКМКнын маалыматына ылайык, кармалган айрым адамдар тарабынан келтирилген зыян транспорттук-логистикалык ишканага жана эл керектөөчү товарлардын ээлерине толугу менен толтурулуп берилген. Бирок Мамкомитеттен канча ишкерге кайсы көлөмдөгү чыгымдын орду кайтарылып берилгенин такташкан жок.