ЦУМдун администрациясы Габбазовдун соода борборго тиешеси жоктугун билдирди

«Айчүрөк» (ЦУМ) соода борборунун администрациясы эл аралык издөөгө алынган Анвар Габбазов соода борборунун ээси эместигин билдирди. Бул тууралуу ишкананын администрациясы Kaktus.media’га билдирди.

«Ал эч качан биздин коомдун акционери да, кызматкери да болгон эмес», — деп билдирди соода борбордун администрациясы.

Буга чейин УКМК Габбазовго «Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштукту каржылоо» беренеси менен кылмыш ишин козгогону белгилүү болгон. УКМК ал маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин «кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн каржылоого жана кылмыштуу кирешелерин адалдоого катышканын» айткан. Атайын кызматтын маалыматында Габбазов «Айчүрөк» соода борборунун (ЦУМ) ээси экени да айтылган болчу. 

Көлбаевдин өлүмү

Камчы Көлбаев — Кыргызстандын жана Борбор Азиянын эң таанымал кримтөбөлдөрүнүн бири болгон. Ал 4-октябрда Бишкекте УКМКнын кармоо операциясы учурунда өлтүрүлгөн.

Кийин УКМК Көлбаевдин кылмыштуу тобунун 40тан ашык активдүү мүчөсү менен лидерлери кармалганын билдирген. Алардын арасында ири бизнесмендер да бар.

Атайын кызмат 9-октябрда Көлбаевдин мыйзамсыз жол менен тапкан мүлкүнүн болжолдуу жалпы баасы 1 миллиард долларга жакын экенин, алар камакка алынганын белгилеген.