УКМК: «Айчүрөк» соода борборунун ээси Габбазовго эл аралык издөө жарыяланды

13-ноябрда УКМК «Айчүрөк» соода борборунун (ЦУМ) ээси Анвар Габбазов эл аралык издөөгө алынганын кабарлады. Ал маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин «кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн каржылоого жана кылмыштуу кирешелерин адалдоого катышкан» деп шектелүүдө.

Габбазовго карата «Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштукту каржылоо» беренеси менен кылмыш иши козголду. УКМКдан ал фамилиясын Маметов деп өзгөртүп алганын белгилешти.

«Тергөө учурунда ал жардамчысы Рамонов аркылуу Көлбаевге “Мерседес Бенц 222” үлгүсүндөгү брондолгон унааны белек кылганы, ал Габбазовдун акчасына сатып алынганы аныкталды. 2020-жылдын октябрында алар унааны мурдагы премьер-министр Сапар Исаков абактан чыкканда ага өткөрүп беришкен. Ошол жылдын 5-октябрында Ала-Тоо аянтында унаага ок тийген, ичинде Исаков жана башка саясатчылар болгон», — дешти атайын кызматтан.

Габбазов менен Көлбаев ымалалаш тараптар менен Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылындагы баасы 15 миллион долларлык мурдагы «ЗИЛ» пансионатынын 42 гектар аянтын мыйзамсыз ээлеп, өз кишилерине каттатып алганы айтылат.

Аны менен катар, экөөнүн ортосунда жалпы каржылык иштер жана кызматташуу фактылары аныкталды. Габбазов мурда Көлбаевдин жакындарына катталган Бишкектеги кымбат баалуу батирди, ошондой эле Чолпон-Атадагы «Каганат» эс алуу  борборунан коттеж сатып алган.

Көлбаевдин өлүмү

Камчы Көлбаев — Кыргызстандын жана Борбор Азиянын эң таанымал кримтөбөлдөрүнүн бири болгон. Ал 4-октябрда Бишкекте УКМКнын кармоо операциясы учурунда өлтүрүлгөн.

Кийин УКМК Көлбаевдин кылмыштуу тобунун 40тан ашык активдүү мүчөсү менен лидерлери кармалганын билдирген. Алардын арасында ири бизнесмендер да бар.

Атайын кызмат 9-октябрда Көлбаевдин мыйзамсыз жол менен тапкан мүлкүнүн болжолдуу жалпы баасы 1 миллиард долларга жакын экенин, алар камакка алынганын белгилеген.

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК: Көлбаевдин кылмыштуу тобу зыян келтирген ишкерлердин чыгымы толтурулду

Ташиев Матраимов жана Көлбаевге байланышы бар 202 мамкызматкер иштен алынганын билдирди