ИИМ: Мектепте бомба бар деп жалган маалымат тараткан 14 жаштагы окуучулар кармалды

Бишкектеги мектептердин бирине бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат тараткан эки өспүрүм кармалды. Бул тууралуу 15-ноябрда шаардык милициядан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, 14-ноябрда борбор калаанын Койбагаров көчөсүндөгү мектепте иштеген мугалимге «Сиздин мектеп NDM тобу тарабынан миналанган. Адамдарды эвакуациялоого 20 мүнөтүңүз бар, болбосо алар куткарылбайт» деген билдирүү келип түшкөн. Билдирүү жөнөткөндөр жардырууну токтотуу үчүн 50 миң сом талап кылган. 

Мугалим милицияга кайрылган. Жерине барган кызматкерлер жана кинологдор имаратты тинтүүгө алган. Бирок бомба табылган эмес. 

Бул окуя райондук милицияга каттоого алынып, тергөө иштери жүргүзүлгөн. Жалган маалымат тараткандар ошол эле мектептин 14 жаштагы эки окуучусу экени аныкталды.  

«Окуучулар кылмыш жоопкерчилигине тартыла турган куракка жете элек болгондуктан ата-энелерине өткөрүп берилип, мындай окуяларды болтурбоо максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү», — дешти милициядан. 

Кылмыш-жаза кодексинин «Билип туруп, террордук акт жөнүндө жалган кабарлоо» беренесине ылайык, жардыруу тууралуу жалган маалымат тараткандар 1-3 жылга түзөтүү жумуштарына тартылат, 50 миңден 100 миң сомго чейин айыпка жыгылат, же беш жылга чейин соттолот.

Бишкекте жыл башында тогуз мектепке бомба коюлганы тууралуу билдирүү тушүп, окуучулар эвакуацияланып, окуу үзгүлтүккө учураган болчу. Бирок имараттан эч кандай жардыруучу зат табылган эмес.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкек: Тогуз мектептин окуучулары бомба тууралуу билдирүүдөн улам эвакуацияланды

Милиция: Бишкекте «бомба коюлду» делген мектептерден жардыруучу зат табылган жок