Милиция: Бишкекте «бомба коюлду» делген мектептерден жардыруучу зат табылган жок

20-январда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы калаадагы бомба коюлду делген мектептерден жардыруучу зат табылбаганын билдирди.

Маалыматка ылайык, шаардык милицияга эртең менен 9:30дарда жалпы беш мектепке бомба коюлганы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Жерине барган милиция кызматкерлери мектептерди курчоого алып, окуучулар менен мугалимдерди эвакуациялаган. Кызматкерлер имараттарды карап чыгып, эч кандай жардыруучу зат табышкан эмес.

Азыркы тапта милиция бомба тууралуу билдирүүгө тиешеси барларды аныктоо боюнча иштерди жүргүзүп жатат.

Ушул эле күнү Бишкектеги бир катар ЖМК жайгашкан имаратта бомба коюлганы тууралуу маалымат түшүп, кызматкерлер эвакуацияланган. Кийинчерээк соода борборунда бомба жок экени белгилүү болуп, ал кадимки режимде иштей баштаган.

Негизги бетке архивдик сүрөт колдонулду.

Автору: Айгерим Бекбосун кызы

Тема боюнча:

Милиция: Бишкектеги бир нече мектепке бомба коюлганы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт