Майыптыгы барларга шарт түзүлбөгөнү үчүн Ош аэропортун сотко берген тургунга кенемте төлөндү

Жогорку сот Ош аэропортунда майыптыгы барлар үчүн жетиштүү шарт түзүлбөгөнүнө байланыштуу мекемени сотко берген тургун Баястан Абдыкадыровдун арызын жартылай канааттандырып, 100 миң сом кенемте өндүрүү чечимин чыгарды. Маалыматты «Клоопко» 15-ноябрда Жогорку соттон тастыкташты.

Абдыкадыров өзү «Клоопко» Ош аэропортунда майыптыгы барлар үчүн шарттар толугу менен каралбаганын жана аба майданынын кызматкерлери тарабынан «намысына тийген сөздөр айтылгандан» кийин сотко берүүнү чечкенин билдирди. 

Доогер Баястан Абдыкадыров

«Аэропортто майыптыгы бар адамдарга каралган атайын дүйнөлүк стандарттагы шарттар болушу керек. Борборго дарыгердин көзөмөлүнө “Ош” аэропорту аркылуу учууга камынган учурда ажаткана майыптыгы барларга ыңгайлуу эмес экенин байкадым. Учакка көтөрүп чыгып жатышты, бирок ошол чыгарып жаткан кызматкер намысыма тийип сүйлөндү. Менден башка канчалаган адам бул учак аркылуу учарын жана алар дагы ушундай жаман абалда каларын ойлоп, шарттардын оңдолушу үчүн сотко бергенмин», — деди ал.

Абдыкадыровдун Ош аэропортуна каршы арызын Ош шаардык соту үстүбүздөгү жылы 7-февралда кабыл алган. Доо арызга ылайык, Абдыкадыров Ош аэропортунан 200 миң сом кенемте төлөп берүүнү жана аэропортто кыймылы чектелүү адамдарга керектүү шарттарды түзүүнү талап кылган.

Доогер аэропорттун ажатканасында майыптыгы барлар үчүн ылайыктуу шарттар түзүлбөгөнүнө байланыштуу «ыңгайсыз абалда калганын» айткан. Ошондой эле учакка отурганда кыймылы чектелген жүргүнчүлөргө атайын лифттин жок экенине нааразы болгон.

Стратегиялык соттук териштирүү борборунан аэропортто майыптыгы барлар үчүн шарттардын каралбаганы — Кыргызстандын мыйзамдарында тыюу салынган «дискриминация» экенин белгилешет. Териштирүү борбору тиешелүү шарттар каралбаган жагдайды «каражаттын жоктугуна шилтөөгө мүмкүн эместигин» белгилешет, анткени бул майыптыгы барларга карата «адамдык беделге шек келтирүү» болуп эсептелет.