Эми Биринчи май районундагы мектептерде окуучулар телефондорун атайын кутуларга салышат

Сүрөт: Бишкек мэриясы

Бишкектин Биринчи май районундагы мектептерине жергиликтүү бюджеттин эсебинен окуучулардын смартфондору үчүн бокстор сатылып алынды. Сабак башталганга чейин балдар телефондорун номерленген кутуларга салып, сабактан кийин же тыныгууларда ала алышат.

Мэриядан билдиришкендей, «смартфонсуз сабак» долбоорун ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бийлик райондогу 22 мектепке 1801 куту сатып алып, ага жергиликтүү бюджеттен 3 млн сом бөлүнгөн.

Долбоордун демилгечиси – Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Рамина Идырова.  

«Бүгүн Биринчи май район башчысынын орун басары Айнура Арстамбекова менен Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Рамина Идырова калган эки №6 жана №78 мектептерге телефон үчүн кутуларды тапшырып, ошондой эле смартфонсуз  сабактын жүрүшү менен таанышты», — деп жазылат муниципалитеттин пресс-релизинде.