Прокурор Бишкекте таза суу талап кылып акцияга чыккандарды 5 жылга эркинен ажыратууну сурады

Прокурор таза суунун жоктугунан улам нааразычылык акциясына чыгып кармалган блогер Эртай Искаков, Селекция айылынын тургундары Бакыт Балбаев жана Бактыбек Бекболотовду 5 жылга чейин эркинен ажыратууну сурады. Соттук отурум 16-ноябрда Сокулук райондук сотунда болуп өттү.

Сүрөт: Максат Кутманбеков / Azattyk.

Искаковдун жактоочусу Шердор Абдыкапаров «Клоопко» сотто айыптоочу тарап Искаковду беш жылга, Бекболотов менен Балбаевди төрт жылга эркинен ажыратууну суранганын тастыктады.

Ал эми кийинки соттук отурум 20-ноябрга белгиленди.

Селекция айылынын жана Сары-Өзөн конушунун тургундары таза суунун жоктугунан улам Түштүк магистралда 14-июлда акция уюштурушкан. Анда жашоочулардын жол тоскону да кабарланган.

Эртеси күнү укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова акцияга катышкандардын айрымдарын милиция кармап кеткенин айтып, нааразы болгон.

Сокулук РИИБнен бул боюнча «Жолдорду мыйзамсыз тосуу» жана «Бейбаштык» беренеси менен иш козголуп, блогер Эртай Искаков жана эки тургун кармалганын тастыкташкан. Милициядан «жолду жабуу атайын уюштурулган» деп белгилешкен.

Андан тышкары акцияга чыккан Селекция айылынын тургундары милицияга суракка чакырылып жатканы кабарланган.

Кийин Селекция айылына жана Сары-Өзөн, Арча-Бешик конушуна таза суу кезек менен берилип жатканы белгилүү болгон.

Ал эми Сокулук райондук соту акциядан кийин кармалгандарды 15-сентябрга чейин ТИЗО-1ге камакка алган. Бирок «Азаттык» үналгысы таза суунун жоктугунан нааразылык акциясына чыгып, эки айга камалган эки кишинин сотунун чечими процесс баштала электе белгилүү болгонун аныктаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Таза суу боюнча кармалгандардын соттук чечими процесс баштала электе белгилүү болгону аныкталды

Сот таза суунун жоктугунан улам акцияга чыккан үч кишини эки айга камакка алды

«Мыйзамсыз жол тосуу». Таза суу көйгөйүнөн улам акцияга чыккан үч кишини милиция кармап, иш козгоду

«Эки жарым айдан бери суу жок». Сокулуктун тургундары нааразылык акциясына чыгышты