«Мыйзамсыз жол тосуу». Таза суу көйгөйүнөн улам акцияга чыккан үч кишини милиция кармап, иш козгоду

Таза суунун жоктугунан улам жол тоскон тургундар. Сүрөт: Максат Кутманбеков / «Азаттык»

Таза суунун жоктугунан улам 14-июлда Селекция айылына нааразычылык акциясына чыккандардын үчөөнү милиция кармап кетти. Бул тууралуу 15-июлда укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова фейсбук барагына жазды.

«Суу жок экенин, көйгөйдү айтуу үчүн чыгышкан. Аларды камап салышты… Алар бийлик бизди угат го деген үмүттө чыкты эле, а бийлик каматтырып салды. Бийликке эмне болду? Эмнеге адамдарга мындай мамиле кылат? Бүгүн социалдык көйгөйдү айтып, бийликтин көңүлүн бурууга аркет кылуу да кылмыш иши болуп калды», — деди ал.

Укук коргоочу милиция аларды 48 саатка камакка алууну көздөп, жол тоскону үчүн иш козгоого аракет кылып жатышканын белгиледи.

Ал эми Чүй облустук милициясынан Сокулук районунда блогер Эртай Искаков жана эки тургун кармалганын тастыкташты. Алар «мыйзамсыз жол тосууну уюштурууга» жана «бейбаштыкка» шектелүүдө.

Кармалган шектүүлөр. Сүрөт: Чүй ОИИБи

Маалыматка ылайык, 14-июлда саат 20:30да милиция Сокулукка караштуу Селекция айылынын жүздөн ашык тургуну Түштүк магистралды тосуп, унааларды өткөрбөй жатканын такташкан.

Алар жолду таза суу маселесин чечүү үчүн тосушканы белгилүү болгон. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында жол 15-июлда түнкү саат 02:00дө ачылып, чогулган эл тараган.

«Селекция айылындагы Сары-Өзөн конушунун тургундары WhatsApp группада суу маселесин талкуулап келишкен. Группага ар кандай маселелерди коомчулукка алып чыгып жүргөн белгилүү блогер кошулган. Ал талкууга катышып, “тургундар радикалдуу кадамга барбаса, маселе чечилбесин, жолду жабуу” керектигин айткан. Ал ал өзүнүн соцтармактагы барагы аркылуу колдоо көрсөтөөрүн белгилеп, жолду жабууга үгүттөгөнү такталды. Текшерүү учурунда жолду жабуу, атайын уюштурулуп ишке ашырылганы такталды», — дешти милициядан.

Сокулук РИИБи бул боюнча «Жолдорду мыйзамсыз тосуу» жана «Бейбаштык» беренеси менен иш козгоду. Ага ылайык, 33 жаштагы блогер Эртай Искаов жана 49, 51 жаштагы эки тургун кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Ал эми акцияга чыккан Селекция айылынын тургундары милицияга суракка чакырылып жатканы кабарланды.

Ал арада Селекция айылына жана Сары-Өзөн, Арча-Бешик конушуна таза суу кезек менен берилип жатканы айтылды.

Калаадагы таза суу көйгөйү

3-июнда Бишкек шаардык мэриясы калаадагы ичүүчү суунун кескин тартыштыгынан улам сууну көп сарптаган жалпы 15 мончо, унаа жуучу жайды убактылуу жапкан. 6-июндан тарта калаа башчылыгы шаардын түштүк аймагына түнкүсүн таза сууну берүүнү токтоткон. Таза суунун жоктугунан улам Арча-Бешик конушунун тургундар жол тоскон.

Бишкектин вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев шаардагы суу көйгөйү бир айдын ичинде чечилерин айтып, кийинки жылы маселе чыкпагыдай аракет жүрүп жатканын билдирген.

Мэриядан акыркы жылдарда калкты таза суу менен камсыздоо негизги маселе болуп жатканын белгилеп, бир адам үчүн суткасына орточо суу керектөө 170 литрден 410 литрге чейин өскөнүн билдирген. Суунун тартыштыгына мөңгүлөрдүн жай эриши да себеп болуп жатканы айтылган.

Кийинчерээк мэриядан «Көк-Жар» суу алгычында оңдоо иштери бүткөрүлүп, шаардын бардык бөлүгүнө анын ичинде Арча-Бешик конушуна таза суу туруктуу бериле баштайт деп билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Эки жарым айдан бери суу жок». Сокулуктун тургундары нааразылык акциясына чыгышты