Өзгөндө кошунасын мамыга байлап, бычып салган 44 жаштагы тургун кармалды

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылында айылдашын үйүнүн короосунда электр мамыга байлап, бычып салганы айтылган 44 жаштагы тургун кармалды. Бул тууралуу «Клоопко» 17-ноябрда облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-ноябрь күнү саат 00:30 чамасында Өзгөн РИИБине аймактык ооруканага 44 жаштагы киши денесинен жараат алып кайрылганы боюнча маалымат түшүп, каттоого алынган.

Тергөөнүн жүрүшүндө, 13-ноябрь күнү саат 22:00 чамасында Куршаб  айылынын 44 жаштагы тургуну өзү жашаган үйүнө 44 жаштагы кошунасын чакырып, пикир келишпестиктен улам уруша кетишкени аныкталган. Натыйжада, үйдүн ээси кошунасынын денесине бычак менен жаракат келтирип, электр мамычага жип менен байлап койгон.

Окуя кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып,  жабырлануучуга биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн. 

Аталган факт боюнча «Ден соолукка оор залал келтирүү» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Кылмышка шектүү Өзгөн районунун 44 жаштагы тургуну кармалды. Учурда тергөө иштери уланып жатат.

16-ноябрда соцтармактарда «башка бирөөнүн аялы менен жатканы үчүн» тукум улоочу органы кесилип, мамыга байланган делген кишинин видеосу тараган. Аталган тасма Өзгөн районунун Куршаб айылында тартылганы айтылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Телеграмда «педофилдерди жазалаган» топ пайда болду, ИИМ реакция кылбай жатат