Ташиев: Акылбек Жапаровдун кылмыштуу топко тиешеси болсо жоопко тартууга даярмын

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун маркум кримтөбөл Камчы Көлбаев менен байланышы жок экенин айтып, эгер болсо жоопко тартууга даяр экенин билдирди.

Ташиев бул тууралуу 17-ноябрда Жапаровдун Көлбаевдин апасынын туулган күнүндө конок болгон видеосу боюнча комментарий берип жатып айтты.

«Акылбек Жапаров тойго беш жыл мурда барган экен. Камчы Көлбаев менен мен деле тааныш болгом. Акылбек Жапаров тааныш болгон, бирок үч жылдан бери биз менен иштеп атат. Эч кандай байланышы жок. Эгер Акылбек Үсөнбековичтин уюшкан кылмыштуу топ, Көлбаев менен байланышы болсо, чогуу жүрсө, ал кишини жоопко тартууга даярмын», — деди ал.

Буга чейин социалдык тармактарда Акылбек Жапаров Көлбаевдин апасынын туулган күнүндө конок болуп, каалоо-тилек айтып жаткан видеосу тараган.

Минкабдын басма сөз кызматы «Клоопко» Жапаров өлкөдө эмес экенин айтып, кийинчерээк комментарий берүүнү убадалаган.

Ал эми президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Дайырбек Орунбеков «Жапаров тойго кошунасы катары» барганын билдирген.

Колбаев жок кылынып, видео жарыяланганга чейин минкабдын башчысы «Кыргызстанда мындан ары криминал деген түшүнүк болбойт» деп билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Кошунасы катары барган». Акылбек Жапаров Көлбаевдин апасын куттуктаган видео тарады

Акылбек Жапаров: Кыргызстан бейиштин төрүндөй болот, криминал деген түшүнүк болбойт