«Кошунасы катары барган». Акылбек Жапаров Көлбаевдин апасын куттуктаган видео тарады

Соцтармактарда минкабдын төрагасы Акылбек Жапаровдун кримтөбөл Камчы Көлбаевдин апасынын туулган күнүндө конок болгон видеосу тарады

Анда Жапаров Мая Көлбаеваны туулган күнү менен куттуктап, каалоо-тилек айтканын көрүүгө болот. 

«Мая эже, сизге эми..."Бир күн кылымга тете" деп Чыңгыз Төрөкулович [Айтматов] айткандай, ушул күнгө чейин канчалык кыйынчылыктарды, канчалык татаал жолдорду өткөзгөнүңүз, бир кудай аны өзү эле билбесе, баарыбыз аны жакшылык жагынан эле карап жүрөбүз», — деп сөз баштаган Жапаров. 

Андан кийин минкаб төрагасы асыл тукум мал багууга кеңири токтолгон. Анын айтымында, «кыргызга саны көп бирок, сапаты аз мал баккан жарашпайт». 

 «Анан ушул кыргызда асыл тукумдуу мал өстүрүп, аларды 500 долларга сатуу, тайын 5 миң долларга чыгарсак деген эжебиздин жакшынакай ой тилектери бар. Ал үчүн асыл-тукумдуу мал менен алек болушубуз керек экен. Өзүбүз негизи асыл-тукумдун урук тукуму ким экенин билбей, малдын артынан ээрчип жүрүп, мал сыяктуу болуп баратабыз», — деген ал. 

Ошону менен бирге, Акылбек Жапаров юбилярга ден соолук каалап, анын тилектерин ишке ашыруу үчүн уулдарына кайрылган. 

«Мая эжебизге ден соолук каалап, уулдарына да буюртма берели, бери дегенде 10 жыл, ары дегенде 20 жыл жакшылап багып бериңиздер. Бул кишинин кажыбас кайраты бар. Ошол ойду биз турмушка ашыралы», — деп сөзүн жыйынтыктаган өкмөт башчы.

Видео качан тартылганы белгисиз. Кадрда «Мадина» базарынын ээси Турсунтай Салимов, Жогорку Кеңештин депутаты Элмурза Сатыбалдиев жүргөнүн көрүүгө болот. 

      

Бийлик тарап эмне дейт? 

«Клооптун» журналисттери минкабдын басма сөз кызматына байланышып, видеонун чоо-жайын сурады. Пресс-кызмат Акылбек Жапаров өлкөдө эместигин айтып, кийинчерээк комментарий берүүнү убадалады. 

Ал эми 9-ноябрда президенттик администрациянын маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков фейсбукка пост жазып, «Жапаров тойго кошунасы катары» барганын билдирди.    

Орунбековдун айтымында, соцтармакка тараган видео эски,  Мая Алиеванын 70 жылдык мааркесинде тартылган. 

«Мая Алиева менен Акылбек Жапаровдун агасы студент кезинде окуу жайда чогуу окушкан экен. Ошондон улам тааныштык байланышы болгон. Мындан тышкары тойго катышкан себеби, кошунасы катары чакырылыптыр. Ал эми Мая Алиеванын уулу Көлбаев менен эч кандай байланышы, иши дагы болгон эмес экенин маалымдайбыз», — деп жазды Орунбеков.

«Мындан ары криминал деген түшүнүк болбойт»

 Камчы Көлбаев — Кыргызстандын жана Борбор Азиянын эң таанымал кримтөбөлдөрүнүн бири болгон. Ал уюшулган кылмыштуу топтун лидери катары каттоодо турган.  

Үcтүбүздөгү жылы 4-октябрда УКМКнын басма сөз кызматы кримтөбөл Камчы Көлбаев  УКМКнын кызматкерлеринин мыйзамдуу талабына баш ийбей, куралдуу каршылык көрсөтүп, натыйжада жок кылынганын маалымдаган. 

Көлбаевдин өлүмүнөн кийин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанда мындан ары криминал деген түшүнүк болбойт деп билдирген

«Чет өлкөдөн келген инвесторлор, карапайым калк жана жөнөкөй бизнесмендерибиз үчүн Кыргызстан бейиштин төрүндөй эле болот. Демократия, сөз эркиндиги мындан да өркүндөйт. Ар бир айылдагы мен “чёрныймын” дегендерди эл өзүңөр жана жергиликтүү милиция жогорку бийликке жеткирип турсаңар болду. Калганы биздин ишибиз», — деген ал.

ТЕМА БОЮНЧА: 

«Мындан ары кримчөйрө болбойт». Ташиев ишкерлерди кылмыштуу топторго акча бербөөгө чакырды

Акылбек Жапаров: Кыргызстан бейиштин төрүндөй болот, криминал деген түшүнүк болбойт