Баткен шаарында 10 млн сомдон ашык каражатка жаңы көпүрө курулду

Баткен шаарынын Турмаматов көчөсүндөгү сел жүрүүчү сайга 10 млн 300 миң сомго курулган көпүрө пайдаланууга берилди. Бул тууралуу 20-ноябрда облустук администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңы көпүрөнүн узундугу 15 метрди, туурасы 11 метрди түзөт. Курулушка Баткен облусунун өнүктүрүү фонду тарабынан 7,5 млн сом бөлүнгөн, ал эми 2,8 млн сом жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилген.

Жергиликтүү бийликтен буга чейинки көпүрө көп келген селден улам жараксыз абалга келип, коркунуч жаратканын кошумчалашты.

15-ноябрда Баткен шаарынын Чет-Булак кварталында 22,8 млн сомго курулган жаңы мал базардын курулушу дээрлик аяктап, жакында пайдаланууга берилерин билдиришкен.

Базардын тегереги тосулуп, атайын административдик имараты, тротуарлар, мал байлоочу жайлар жана бастырмалардын курулушу аяктаганы кошумчаланган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Баткенде 22,8 млн сомго жаңы мал базар курулду

Ош шаарындагы мектепке 2,7 млн сомго футбол аянтчасы курулду