Бишкек шаардык соту чечен активисти Мовлаевди өлкөдөн чыгарып салууну чечти

Чечен активисти Мансур Мовлаев. Сүрөт: «Клооп»

Бишкек шаардык соту Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын талабы менен кармалган чечен активисти Мансур Мовлаевди бошотуп, өлкөдөн чыгарып салууну чечти. Мындай өкүмдү соттук коллегия 20-ноябрда кабыл алды.

«Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүгө» айыпталган Мовлаев өкүм угузулгандан кийин журналисттерге сыртта аны «өлкөдөн чыгарып, канкорлордун колуна өткөрүп берүү үчүн» адамдар күтүп турушканын айтты. 

Ал эми активисттин жактоочусу Илгиз Насыров соттун чечими мыйзамсыз экенин белгиледи. Анын айтымында, активистке карата козголгон беренеге ылайык, аны өлкөдөн чыгарып салуу мүмкүн эмес.

Жактоочу соттун өкүмү дароо күчүнө кирерин белгилеп, бүгүн эле Жогорку сотко доо арыз менен кайрылышарын кошумчалады.

Буга чейин Биринчи май райондук соту Мовлаевди Орусияга депортация кылууну чечкен. Өлкөдөн чыгарганга чейин ал алты ай абакта болору кабарланган.

Мовлаевдин кармалышы

Чечен активисти Мансур Мовлаев кармалганын укук коргоочу Төлөкан Исмаилова 20-августта айтып чыккан. Кийинчерээк УКМК активист кармалганын тастыктаган.

Атайын кызмат Мовлаев 20-августта Ысык-Көл облусунун аймагынан «эл аралык террористтик уюмдарга каршы жүрүп жаткан иш-чаралардын алкагында» кармалганын, ал Орусияда мамлекеттер аралык издөөдө жүргөнүн билдиришкен.

УКМКнын маалыматына ылайык, активист «радикалдык идеологиялар» менен байланышы бар. Ошондой эле, атайын кызматтын маалыматына ылайык, Мовлаев январь айында Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп, өлкө аймагында Орусиянын жаранынын жасалма паспортун алып жүргөн.

Активист кармалгандан кийин 1ADAT оппозициялык кыймылынын өкүлдөрү 20-августта өздөрүнүн YouTube каналында Мовлаевге арналган видео чыгарышкан. Алардын айтымында, активист чечен бийлигин сындап жүргөн.

Алардын айтымында, чечен бийлиги 2022-жылы Мовлаевди уурдап, түрмөдө мыйзамсыз кармап, кыйнашкан.

1ADAT’тын өкүлдөрүнүн айтымында, Мовлаев абактан Кыргызстанга качып чыгып кеткен. Оппозициялык кыймыл активист «Манас» аэропортунан Түркияга учмак болгонун, бирок аны Кыргызстандын УКМКсы орус кесиптештерине ФСБнын талабы менен кармап бергенин айтууда.

1ADAT эгер Мовлаев Чеченстанга экстрадицияланса, өлкө бийлиги анын көзүн тазалайт деп чочулоодо.

ТЕМА БОЮНЧА: 

Бишкекте Рамзан Кадыровду сындаган чечен активисти Мансур Мовлаев кармалды