Кыргызстандын дзюдо боюнча жаштар курамасы Азия чемпионатында алты медаль утту

Кыргызстандын дзюдо боюнча жаштар курама командасы Ташкентте өткөн Азия чемпионатында бир алтын, үч күмүш жана эки коло медаль жеңип, командалык эсепте 3-орунду ээледи.

Кыздар арасында 63 килограммга чейинки салмакта Адина Көчкөнбаева алтын медалга ээ болсо, Шахида Нурмухамедова (78 кг) менен Акмаржан Турдажиева (+78 кг) күмүш медаль тагынды.

Ошондой эле Жанар Жолдошева (57 кг) менен Сауле Алмазова (70 кг) коло байгени багындырды. Ал эми балдар арасында жалгыз — күмүш медалды Эмирхан Жолдошказиев (+100) алып келди.

18-19-ноябрда өткөн бул жолку жаштар арасындагы Азия чемпионатына 15 өлкөдөн келген 172 спортчу катышты.

Буга чейин 16-17-ноябрда болуп өткөн өспүрүмдөр арасындагы Азия биринчилигинде кыргыз курамасы бир алтын, бир күмүш жана үч коло медаль жеңген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргызстандын дзюдо боюнча өспүрүмдөр курамасы Азия чемпионатында беш медаль жеңди