Кыргызстандын дзюдо боюнча өспүрүмдөр курамасы Азия чемпионатында беш медаль жеңди

Кыргызстандын дзюдо боюнча өспүрүмдөр курама командасы Ташкентте өткөн Азия чемпионатында бир алтын, бир күмүш жана үч коло медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашты.

Кыздар арасында 57 килограммга чейинки салмакта Жанар Жолдошева алтын медалга ээ болсо, 70 килограммдан жогорку салмакта Акмаржан Турдажиева күмүш медаль тагынды.

Ал эми балдар арасында Адис Орозмаматов (55 кг), Арсен Анарбеков (73 кг) жана Даут Полтушев (90 кг) коло медалга ээ болушту. Жалпы командалык эсепте Кыргызстандын курамасы 5-орунду камсыздады.

Аталган мелдеш Өзбекстандын Ташкент шаарында 16-17-ноябрь күндөрү өттү. Ага 15 өлкөдөн келген 182 спортчу катышты.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргыз балбаны Эрлан Шеров дзюдо боюнча Азия чемпиону болду

Кыргызстандык Хайитхон Хусан кызы пара дзюдо боюнча Азия чемпиону болду